|
Лизинг компаниясы
|
|
ЛИЗИНГ КОМПАНИЯСЫ – КР мыйзамдарына жана өзүнүн уюштуруу документтерине ылайык лизинг берүүчүнүн милдеттерин аткаруучу коммерциялык (КР резиденти жана резиденти эмес) уюм. Юридикалык жана жеке жактар Л. к-нын уюштуруучулары боло алышат. Л. к. КР мыйзамдарында белгиленген тартипте лизингдик ишмердикти ишке ашыруу үчүн юридикалык жана/же жеке жактардын каражаттарын тартууга укуктуу.
|